Узакбаева Элмира

DS: Гипертоз

Мен, Узакбаева Элмира, Бишкек шаарынын тургуну болом. 2010 жылдын май айында боюма бүтүп, 2 айдан кийин демим кыстыгып, ичим ооруй бере турган болду. Доктурдун жазган даарыларынан эч жардам болбоду. Узиге түшсөм, «боюӊан түшүү коркунучу бар» бар, «Гипертоз» деген диагноздор коюлуп жатты. Кан басымым дагы такыр жогорулабай койду (90-60). Ошол кездерде эжем Көлдөн келип, Кубанчбек байкеге көрүнүп даарыланып жүргөн кези эле. Мени «жүрү ошол жактан даарылан» дегенге көнбөй койгон элем. Күндөн -күнгө абалым оорлошуп, оорум күчөгөндөн күчөдү. Ошондон кийин гана «даарыланат элем» деп, ээрчип келдим. Адегенде дуба түшүрүлгөн чайларды ичтим, андан кийин 12 күн сеанска катыштым. Даарылангандан кийин дем кыстыкканым басылып, ичимдин ооруганы басандады. Жок дегенде 7 айлык кылып төрөп алсам экен деп, Кудайдан тилечү элем. 9 айга жетип 2011-жылдын февраль айында уулдуу болдук.

Кубаныч байкенин окуган дубаларынын аркасы менен көнүлүмдү көтөргөн сөздөрү оорумдан арылтып, аман-эсен көз жарганга жардам берди.

Кубаныч байке! Сизге жана сиздин үй бүлөӊүзгө чыӊ ден соолук, узун өмүр каалайм. Сизге жана Салима эжеге миӊ мертебе үй бүлөнүн атынан ырахмат. Бар болунуздар.



Создание сайта web studio SpinStyle