Кайненем

Аш казандан Рак

Абдурахманов Саякбай молдо - отец Саякбай кызы Айзады

   

Күтүлбөгөн белек

Менин Кайненем аш казандан рак болуп каза болгон болчу. Бир топ жылдардан кийин менин өмүрлүк жолдошум дагы аш казандан рак болуп каза тапкан болчу.

 Андан көп жылдардан кийин кызым дагы ушул оорууга кабылып, балыкчыдан борбордук онкология бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Онкологиядан Фучик больницасына жөнөтүлгөн. Фучик больницасынан профессор көрүп, «бүгүн жатсын эртен операция жасайбыз» деди. Операцияны көтөрө албастыгына менин деле көзүм жетип турду. Эмне кылаар  айламды таппай турганымда бирөөлөр аркылуу Матай уулу Кубанычбектин дарегин угуп, телефон аркылуу байланыштым. Болгон муктажтыгымды кабарласам, колуктусу экөө кеӊешип туруп, ушунчалык мээримдүүлүк менен кабыл алып, «алып келиӊиз» дешти. Бул адамдарга мен ушунчалык ыраазымын. Алла ыраазы болсун. Барган ооруулардын ичинен эӊ каттуу ооруулуусу менин кызым эле. Ооруулуулардын баары менин кызымды карап отурушчу. Жөтөлүп койсо дагы баары тура калат эле, үзүлүп кетеби деп. Ошентип кызым жакшы боло баштады. 15 күндөй көрүнгөндөн кийин жакшы болду. Кайра Фучик больницасына барып, Узиден жана башка текшерүүлөрдөн өткөрдүк. Мурунку тартылган ооруулардын бары оӊолуптур. Узидегилер аябай таӊ калышты. Ошол корүнүп жаткан жериӊерге барып, дарылана бергиле дешти. Мына ушул убакыттын ичинде канча ооруулуулар рак болуп келгендер айыгып кеткенине мен күбө болдум. Дагы жаза турган болсом көп көргөн нерселерди жазат элем. Ошол үчүн мен ушул окуянын темасын  «Күтүлбөгөн белек» деп атадым. Кубанычбек Матай уулуна мен ушунчалык ыраазычылыгымды билдирем. Жолдошу Салима жана шакирттерине да ыраазымын. Көптөгөн көптөгөн жүздөгөн ооруулууларга Алланын берген кудурети, касиети менен себепкер болушуна мен дагы тилектешмин. Буларга чексиз ийгилик, узун өмүр, чыӊ ден соолук каалап, Алланын ыраазычылыгын табышын жана элдин батасын алып, өмүр сүрүшүн тилейм. Бул адамдардан жеке эле кызым эмес, уул-келиндерим инилерим жакындарым дагы жакшы болушкан. Алла ыраазы болсун.  Ишиниздерге ийгилик каалайм.

 




Создание сайта web studio SpinStyle