Болотова Айсулуу

DS: Псориаз

Болотова Айсулуу

Мен ыраазычылык кат жазуумдун себеби мен 2004-жылдан бери Псориаз - тери оорусу менен жабыркап келдим. Жети жылдан бери медицинанын ар кандай түрлөрү  менен даарыландым, бирок жыйынтык чыкпады, тескерисинче жараларым күчоп, көбөйүп бүт денеме жайылып кетти. Акырында врачтар бул айыкпас дарт. Мындан ары дары-уколдордун жардамы менен жашашын керек деп жыйынтык чыгарышты. 2011- жылы май айында Нүргүл жеӊем аркылуу Кубанычбек табыптын дарегин угуп, кабыл алууга келдим. Кубанычбек байке тамырымды кармап, ден соолугумдагы мен билген билбеген ооруган жерлеримди айтып берди. Эӊ негизгиси менин денемдеги псориаз оорусуна элдик медицинанын касиети менен шыпаа болот деген жакшы сөздү биринчи жолу уктум. Шыпаа болот деген сөздү уккандан кийин мени дарылоого кабыл алыӊыз деп сурандым. Дарылоого кабыл алынгандан кийин 14 күн сеанска катыштым. №1,№2 дуба окулган дары чайларды ичтим, үч жолу дуба окулган дары суу менен жуундум. Денемдеги жараларым айыга баштады. Бүгүнкү күндө псориаздан толук айыктым. Мен бактылуу адамдардын катарына кошулдум. Бактылуу болдум дегенимдин себеби 17 жаштагы кыз-баланын бети жана бүт денеси жара болгону уят жана өтө кыйын экен. Өзүм теӊдүү курдаш кыздар балдыр менен бирге жүрө албай кыйналып жүргөн элем. Эми болсо Кудайга шүгүр илимий медицинада шыпаа болбойт деген жаман дартка элдик медицинадан шыпаа таптым.

Мен Кубаныч байкеге тереӊ ыраазымын!!!




Создание сайта web studio SpinStyle