Асаналиева Жылдыз Эсенгуловна

DS: Бесплодие

Асаналиева Жылдыз Эсенгуловна.

Менин улам боюмда болуп такыр токтобой койду. 2007 жылы 4 айлык болуп, ичимден өлүп калды. 2008-жылы дагы боюмда болуп, төрөлгөндөн кийин 3 күндөн кийин чарчап калды. 2009-жылы да боюмда болуп, больницага учетко турайын деп барсам, сен төрө албайсын, алдырып сал дешти. Мен болбой жүрө бердим, бирок оорум бат бат косколо берди, Узиге барсам, балан аябай эле ылдый, кичинекей, өсүп кетерине көзүбүз жетпейт дешти. Больницага барып, 10 күн даарыландым, ага деле болбоду. Анан Токтобубу деген тааныш эже өзү Кубан байкеге алып барды. Кубан байке «коркпо, бары жакшы болот» деп, 15 күн сеанс алып,  жакшы болуп кеттим. Мен ошондон кийин Кубан байкеге ишенем. 9 ай болгондо Нарынга төрөгөнү барып, врачтар, сени алгандан коркобуз деп, араӊ  кабыл алышты. Жүрөгүн да ооруйт дешти, төрөтө албайбыз,  кесирова болосун дешти. 3 күн даярдашты, эртеӊ операция болот дегенде, Кубан байке түшүмө кирди. Мен эртеӊ менен Кубан байкеге чалдым. Кубан байке коркпо, мен жардам кылам, сеанс жиберип турам деди, бирок кичине кыйналасын деди, сеанс кетип түш болду, баламды алгандан кийин жүрөгүм токтоп барып кайра согуптур, врачтардын жүрөктөрү түшүп, мени күткөн туугандарыма даарынын күчү менен турат дешти, аябай коркушуптур, үмүт аз деп. Кудайга шүгүр Кубан байкенин жардамы менен аман калдым. Врачтар өздөрү тан калды. Кызым да аман-соо чоӊоюп атат. Мен Кубан байкеге миӊ ирет ыраазымын.




Создание сайта web studio SpinStyle