Алпамыш кызы Динар

DS: Бойрок бесплодие 2 степени

 Алпамыш кызы Динара, 1974-жылы катуу оорууганыман улам баспай жатып калдым. үйдөгүлөр дары дармек алып беришип жакшы карашкандыктан бир жума ичинде жакшы болуп, үйүмө кетип калгам.

Бирок, көп өтпөй баягы бел оорум кайра кармады. Бул жолу мурдагыдан да катуу кармаган эле. Белимдин ооруганына чыдабай эч кимге көрсөтпө,й ыйлап журдум. Ошентип бир күнү үйдө жатсам, иним менен апам Кубан байкеге алып баралы деп сүйлөшүп калышты. Мурда эле «табыпка» көрүнүп дарыланбагандык кылдымбы билбейм. Адегенде көӊүлүм келбесе да, макул болдум. Мени эртеси эле машинасы менен Кубан байкеге алып барды. Баратканда ушунчалык жаным кыйналып тургандыктан эртерээк жетсем экен деп тиледим. Биз барганда эшиктин алдында эки үч киши менен турган экен, көрүп эле Кубан байке экенин сездим. Кубан байке мени көрүп, жакшы болуп кетеримди айтты. Ошентип сеанска барып жүргөн убакта 12 жылдан бери төрө албай жүргөнүмдү айттым. Себеби доктурлар төрөбөйсүӊ деп: «Бесплодие II степени» деп жыйынтык чыгарышкан.

Кубан байке тамырымды кармап көрүп, «төрөйсүӊ»деди, мен ошол сөздү укканда же сүйүнөрүмдү, же ыйларымды билбей нес болуп көпкө ойлонуп жүрдүм. Күндөр өтө берди, менин дарыланып бүткөнүмө жыл айланды. Кубан байкеге мал малы менен барып көрүнүп журдум. Ошентип 2008-жылдын декабрь айында кош бойлуу экенимди билдим. Кош бойлуу мезгилимде да бат-бат барып көрүнүп, кээде сеанска да катышып жүрдүм.

Ошентип 2009 -жылдын 9 октябрда кыздуу болдум. 2012-жылы Муслим аттуу уулдуу болдум. Менин кубанычыма чек жок эле. Мен Алпамыш кызы Динара бул жалган дүйнөдө Кубан байкеге ыраазычылыгымды кантип билдиреримди да билбейм. Блл жашоодо ар дайым бар болуӊуз. Алла таалам мээнетиӊизге шыпаа берсин. Мен сизге ыраазымын.

2013-жыл. 18 июнь

Страница в разработке...



Создание сайта web studio SpinStyle