Абдуманап ажы аксакалдын ак батасы

 

Ассалому алейкум рахматулохи ва баракатуллохи

Кубанычбек уулум Жараткан Эгем сага чын ден соолук,узак омур,кен пеил,кетбес доолот берсин.

Асманын ачык келечегин кен болсун.Дарыгерлик касиетине Кудайым ийгилик берсин Оомийин.

Абдуманап аажы  25.12.2013ж.

 

 ЗАЛКАР ДЕП БИЛЕМ МЕН СЕНИ.

 

Пеилин кенен чалкыган табып деп билем мен сени          

 Кудайым сени даарыган залкар деп билем мен сени

 Маанайын осуп коктогон табып деп билем мен сени

 Элине шыпаа   арнаган залкар деп билем мен сени

 Эмгегин элге арнаган тулпар деп билем мен сени

 Талыкбай сырды кармаган шумкар деп билем мен сени. 

 

 Алпамыш уулу Саякбай молдо аке. 12.01.2014.

 

Эл акынынын батасы

 

Кыргыз Улуттук жазуучулар союзуна барып калдым. Жазуучу агам Айдарбек Сарманбетовго китебим тууралуу маектешкени барган элем. Айдарбек агам Жазуучулар союзунун жоопттуу катчысы болуп иштеп жаткан. Биз сүйлөшүп олтуруп, Союздун төрагасы, Кыргыз эл акыны Омор Султанов менен тааныштырууга ээрчитип кирип калды. Омор агабыз менден ишим, табыпчылык ыкмаларым, ал илимдин касиеттери, таасирлери тууралуу кызыгып калды. Мен жооп берип, анан ал бир убакта тамырымды кармап көрчү деп калды. Мен кармап көрдүм да, элдик табыпчылыкта оорулар жалпысынан ысык жана суук гана болуп бөлүнөрүн айтканымда ал туура деп:

-Илгери, биз бала кезде мен туулуп-өскөн Ысык-Көл облусунда эки гана чоң табып болор эле. аларды бүт эл сыйлап, урматташа турган. Ошол, эки эле табып бүтүндөй облусту, күңгөй менен тескейин тейлеп турушчу. Эл ат менен аларды алдырышып, сыркоолорун көрсөтүшүп, кандай гана оору болбосун себебин, айыгуу жолдорун таап, дарыланышып же айткандарын аткарып, жасап, айыгып алыша турган. Кеч болуп калгандарын да так билип алышчу. Ошондон улам мен элдик табыпчылыкка ишенип, чоң маани беремин. Бала кезимде суук тийип, тишим ооруп же дагы кайсыл бир оору менен кеселдеп калганымда табыптарга алып барып эле айыгып кеткен учурларым болгон. Азырчы, канчалаган ооруканалар, догдурлар көп болгону менен элге толук жардам бергенге жетише албай жатышат.- деп,- Мен бул касиет-табыпчылык совет доорунда жоголуп кеткен деп ойлочу элем. Аны жектеп, жол бербей, тыюу салып келишпеди беле. Көрсө, эл ичи – өнөр кенчи дегендей ошол чоң, элдик касиет жок болбой, сакталып, сени даарыгын экен. Байкашымча, илим-билимиң күчтүү экен, бирок бийлик, илим тарабынан колдооң жок. Биз – жазуучулар, журналисттер силердей касиет-жөндөмдүү адамдарды, өз кесибинин баатырларын жана башка өнөр адамдарын элге таанытып, атак-даңкыңарды чыгарабыз. Мен сага ак батамды беремин. Сенин иштеген иштериң, касиеттериң тууралуу гезиттерге, китептерге чыгуусуна колумдан келишинче колдоо көрсөтөмүн.- деген эле.

Эл акынынын, эл сыйлаган таланты зор бул адамдын ак ниеттүү сөздөрү, терең түшүнүгү мага чоң дем-кубат берген, ушул кезге чейин кубат берип да келе жатат. Элдик табыпчылык илимин жогору баалап, кенен түшүнө билген адамдар бар экен, акылгөй, терең адамдарыбыз бар турбайбы, алар аман болушсун!- деп бел байлап, өзүмдүн элдик ишимди улантып келем. 

 

 Марзия ажы эненин ак батасы

 

Бисмиллахи рахмании рахиийм

Серкеси семиз бай болгун 80ге кирген чал болгун

Токтусу семиз бай болгун 90 кирген чал болгун

Сойгонунар семиз кой болсун жегенинер куйрук май болсун

Алаканынар пулга толсун дасторкунар нанга толсун

Жорткондо жолунар болсун Кожой кызыр колдосун

Бишкектин пири колдоосун Оомийин

Кубанычбек уулум кызым Салима тен биргеликте

уулдан урмат,кыздан кызмат коргуло Кудайым силерге

береке берсин бизге окшоп небере чеберелуу болгула

Оомийин. Баткен обл.Кызылкыя ш. 02.01.2015.  

 

 Тилеген ажы кызы Бубуталип ажы эненин 

касиеттуу ак батасы
 
Аллахка ыраазыбыз ушундай озгочо касиеттуу адамды кыргыз элине жаратканы учун.Баары Аллахтын кудурети менен Кубанычбекке берген касиетинин таасири тийип коптогон турдуу орулардан адамдар айыгып кетип жатат.Кубанычка мен да ыраазымын.Аллах табып уулубузга туура жол коргозсун,ишине ийгилик,мол ырыскы дагы ачыла элек сырларынан ачсын,илимине илим,касиетине касиет кошуп узак омур берсин Оомийин. 01.01.2015.   
 
 Кубанычбекке
 
Конулу колдой акылы терен
коптун ишин коздогон,камын жеген
Жаркын муноз жайдары чон кичиге
Коп учун,эл учун,туулган билем.

Кубанычтынтын кылган ишин дениз десем
Бир тамчысын мен силерге айтым бекен
Мындан кийин жазуучулар таарыхчылар
Жазат деп чон дастан мен ишенем.
                              Абдрахманов.С. 02.01.2015. 
 
 
 
 Кудайым сизди колдосун.Ааламда тынчтык бар болсун,
оору сыркоо жок болуп,жакшылыкка жол болсун!!!
                                                     
                                                      Динара. 
 

 
 
 Кубанычбекке ак тилек
 

Элиме , журтума керек,

Бийик оскон терек.

Алла тааламдан Кубанга 2 омур тилейм. Оомийин.

Кубаным бурдогон копкок чынарсын.

Саргарбай бурдоп турасын,

Бет алышкан оорунун тамырын узуп тынасын.

Момосун берип тойгузган,

Элине оскон бакча бол.

Чыга албай жатса ойдолоп,

Кок тиреген аска бол.

                             Кермекан Онолбекова.
                             Ыссыкол обл.Ак-олон айылы.2014ж. 
 
 

БАТАКОЙ ЧАЛДЫН АК БАТАСЫ

 

Ардагым  Кубанычбек!

Жузундогу нур очбосун тек,

Алтын башынызга бакыт консун  бек,

Коломтондун оту алоолоп,уул кыздарын улутка болсун чеп,

деп батакой чал Калканбай  Ашымбаев. 

                      01.03.2009 ж.БИШКЕК ш.
  
 
 
 
 

Кубанычбек иниме!

 

Алланын тийип шыпаасы

Адамга жактын Кубаным,

Айыктырып коп дарттан

Алкыштар алган убагын.

Ак жолдон дайым тайыбай

Аралап ойдо оссун деп

Алладан тилеп турамын.

Алыстан байкем келди деп

Ар дайым кутуп кубангын.

Амандык сурап турайын

Андабай жолдун ыраагын.

                Жээнбай Турк  Кулонбек ууллу

                акын.Кыргыз Республикасынын

                Улуттук Жазуучулар союзунун мучосу. 

                                                 08.10.2010 ж.

 

 

 Кубанычбек!

 

Ден соолуктун сакчылыгында тууру менен

Озундун да ден соолугун чын болсун!

Чын ниетим менен –Докдурбек Юсупов 

                                 акын.22.04.2009ж. 

  
 
 

Урматтуу  Кубанычбек мырза!

 

Накыл создор,не бир ыйык баталар,

Калтырыптыр акылмандар,аталар.

Эсен журуп,элдин уулу болунуз,

Кабыл болуп  элден алган баталар.

                           Кенешкан   Ысманова

                           Кыргыз Республикасынын

                           Маданиятына эмгек синирген ишмер

                                 26.04.2011 ж.
 
 
 
 Кунда жок табып
 

Бисмилла рахмаанир рахим!

«Жашоо» деген туйшук менен курошуп,

Кабылып дартка ичкиликке берилген.

Наристенин унуно зар,

Онтоп ооруп жаткандар

Жаратканга жалынып келет бул  жерге.

 

Алла,Алла,Жараткан Алла!

Эл журтума,пендеме

Береке кут,чача кор!

Даба тилеп бейтапка

Эмгеги синген эллине

Эн жонокой  дарыгер.

 

Нур тогулот колдорунан чачырап,

Алла Таалам озу берген керемет.

Эхинокок,аласы бар,жарасы бар,

Шыпаа тилеп ар улуттан келет бул жерге.

 

Алла,Алла,Жараткан Алла

Адепсизге,акылсызга,калкыма,

Ыйманындан бере кор,

Сабыр тилеп эллине

Талыкбай кылган кызматты

Таасири кучтуу дарыгер.

 

Онкологиялык оору,учук оору

Кучоп кеткен биринде талмасы бар.

Элдик табып,эн жонокой дарыгер

Омур берет,ыйман тилеп бейтапка.

                        Токтобубу.Алымбекова

                        Эл Агартуунун отличниги. 06.06.2014ж. 

 

Почтадагы каттар. 

 

 Aлла ыразы болсун алланын буйругу м.н б.н иш экен.

 

 1Имя:акыл. :Отзыв:саламатсызбы?мен сизге кантип жолуксам болот,дарегиниз ди кантип табам?

 

 1Имя:Миртилек  Отзыв:саламатсызбы кубаныч ава сиз менен кантип байланышсак болот

 

Имя:каныбек Отзыв:мен азыр москвада жашайм балам псорияз орусу мн оруйт кадай кенеш бересиз ?

 

1Имя:Али :Менин Атам жотолуп дем сыртка чыкканда дем алышы кыйын болуп жатат кандан кенеш бере аласыз?

 

1Имя:медетбековна   Отзыв:Жалал-абадга келии дарыласаныз болобу оорулуларды? Финансы жактан кыйналып жатабыз?

  Aкыл: Саламатсызбы?мен сизге кантип жолуксам болот,дарегиниз ди кантип табам? 

 

 

 Kаттарга жооп

Адрес:Орто Азия, Кыргызстан мамлекети,

Бишкек шаары,Арча-Бешик ж/к.

Байланыш телефон: 0554111328, 0772-11-13-25

Электрондук дарекkubanychbek.tagaybekov@mail.ru

Кабыл алуу убактысы:  18:00 дон 20:00 го чейин

Дем алуу кундор: бейшемби , жума 

Телефон аркылуу байланышыныздар же болбосо озунуздордун адресиниздерди толук

жазыныздар менде сиздердин адрес жок болсо кантип жооп жазам. 

 


 


 
 
 
 
 
 



Создание сайта web studio SpinStyle