Табып жєнїндє маалымат

Саламатсыздарбы!

Мен,  Кубанычбек Матай уулу - элдик табыпмын. Табып бул - адамдын ден соолугунун ооруган жерлерин дарылоочу дарыгер деген мааниде (дарылоочу врач).

-   Бул касиетке төлгөчү, адамдардын келечек тагдырын алдын ала божомолдоп айтуучу, жоголгон мал - мүлк, буюмдарды издөөчу, карта ачуучу дегендер кирбейт.

-   Табыптын эӊ негизги милдети оорулуу адамдардын ден - соолугуна   шыпаасын тийгизип, табыптык айыктыруу болуп саналат.

-   Мен 26 жылдан бери ар түрдүу ооруларды дарылап айыктырып  жүрөм.

 

Өзгөчө белгилеп айта турган созум.

Табыпчылыгым:

1. Алла Тааламдын колдоосу менен

2.Табыпчылык касиетимдин күчү менен

3.      Окуган дубаларымдын таасири менен.  Мен - илимий медицинада күчтүу дарылар, хирургия, трансплантация, химия, лазер нуру менен дарылап жаткан кээ бир оорулардын түрлөрүн элдик медицинанын жардамы (касиети) менен дарылай алдым.

Эӊ негизги айтайын дегеним, мага дарыланууга кайрылган (кай бир) оорулуу адамдардын ден-соолуктарынын (организм) толук мүчөлөрүн операция жасатпастан сактап калганга жардам бердим.

Мисалы: Операция жолу менен өттөгү, бөйрөктөгү, табырсыктагы таштарды алуудан; бөйрөктү, жатынды, эмчектерди кесип алып коюудан; жүрөккө болучу операциялардан - дарылануучу оорулуу адамдардын өз суранычы, макулдуктары менен дарылап жүрөм.

Менин дарылоомо илимий медицинанын тийгизип жаткан жардамы - анализ, УЗИ, рентген, кардиограмма, томография жана башкалары. Анализ - диагноздорду текшерип, аныктап берип жатат.

 

Дарылоомун тартиби:

1.      Тамыр кармап оруган жерлерин таап аныктайм. Эгерде оорулуу адам табыпчылык илимдин касиети менен айыга турган болсо, аны дарылоого кабыл алуудан мурда медициналык  борборлорго илдетинин диагнозун так коюуга жиберем. Алардын диагнозун алгандан кийин гана дарылоому баштайм.

2.      Дарылоом бүткөндөн кийин кайрадан текшерүүгө, оору диагнозун койгон   медициналык мекемеге, борборго жиберем.

 

Шыпаа болгонун кантип аныктайм:

1.      Оорулуу адам өзүнүн ден-соолугу аркылуу жакшы болгонун сезип, мага  айтышы керек.

2.      Табып өзүнүн диагноз коюу ыкмасы менен (тамыр кармап) шыпаа болгон-болбогонун аныктап, билиши керек.

3.      Кийинки чыгарылган медициналык диагноздор дарылоомун жыйынтыгын далилдейт.

4.      Оорулуу адамдарды карап-билген адамдар күбө болуп, шыпаа тийгенин айтып берүүлөрү керек (жогоруда айтылып жаткан далилдер сайтта жазылган).

 

Эскерте кетчү нерсе:

  • Кээ бир оорулар илимий медицинанын жардамы менен айыгат.
  • Ал эми айрым оорулар элдик медицинанын жардамы менен шыпаа таап айыгат.

Акыркы мезгилдерде айыкпай жаткан онкологиялык оорулардын кээ бир түрлөрүн эки медицинанын күчүн, касиеттерин кошуп дарылоого туура келип жатат.

  • Эгерде биз чын дилибизден катуу ооруп жаткан онкологиялык дартка чалдыккан адамдарга жардам бергибиз келсе, анда эки медицинанын күчүн, касиетин бириктирип дарыласа шыпаа болуп, жакшы жыйынтык берет эле.
  • Бул жагдайды айтып жатканымдын себеби: 2010-жылы мага дарыланам деп келген бир аялдын колунда мед. заключениелери бар экен. "Диагнозу рак м ∕ ж 3 степень, 3 жолу химия алды, андан соӊ сол  эмчегин кесип алып салуу үчүн операцияга даярдалып жатат" деген. Мен өзүмдүн табыпчылык дарылоо ыкмам менен оорулуу аялды текшерип көрүп, ал аялдын оз отунучу боюнча дарылоого кабыл алдым.

          Дарылоом бүткөндөн кийин оорулу аялды кайрадан текшерилип келгиле, деп онкология борборуна жибердим. Ал жерден анализ үчүн кан алышыптыр, УЗИ жана башка текшерүүлөрдөн өткөзүшүптүр.

         Жыйынтыгы адам таӊ каларлык: өз көзү менен көрбөгєндєр ишенбейт, мед. диагнозу эмчекке операция жасоонун кажети жок, кандын составында рак клеткалары чыккан жок деген. (сайтта мед. выпискасы бар ) жыйынтык чыгарылыптыр.

Ушундай жакшы жыйынтык берген  тажрыйбадан кийин менде томондогудой ой пайда болду:

   Адамдын ден-соолугу чексиз аалам (космос) сыяктуу экен. Бизге белгилүү-белгисиз планеталар жылдыздар бар дегендей адамдын ден-соолугунун да бизге белгилүү-белгисиз сырлары көп экен.

   Рак бул - өтө коркунучтуу оору, дүйнө жүзү боюнча илимий  медицина ушул дартка шыпаа берүүчү дары-уколдор аркылуу дарылоо ыкмаларын изилдешүүдө.

  • Менин элдик табып катары Алла Тааламдан тилеген тилегим  онкологиялык ооруларга жана айыкбай жаткан башка турду  катуу оруларга чалдыккан адамдарга жардам берүү. Рак кеселдеринин кээбир түрлөрүүнө (1,2,3 баскычына чейинки ) ичеги, ашказан, жатын, эмчек жана башка ооруларга дарысын табып дарыладым десем жаӊылбайм.

Жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөй, Кудай деп жашоого аракет жасайлы.

Матай уулу Кубанычбек




Создание сайта web studio SpinStyle